Ош шаарындагы балдардын “Келечек” чыгармачылык борборунун имаратынын артындагы бош турган жерге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен ачык типтеги амфитеатр курулуп, бүгүн пайдаланууга берилди.
🔶 Ачылыш аземине калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, борбордун эмгек жамааты, жаш өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери катышты.
🔶 Алгач борбордун чыгармачыл ийримдеринин жаш таланттары тарабынан концерттик программа тартууланды.
🔶 Шаар мэри амфитеатрдын ачылышы менен куттуктап буга чейин мэрия тарабынан борбордун имараты жана айланасы толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп берилгенин, бүгүн ачык асман астында концерттик аянт курулуп, пайдаланууга берилип жатканын айтып өттү. Бул сапар да куру кол келбегендигин билдирип, борборго балдар үчүн кичи автобус белеке берди.
