ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

✅ Ош шаарында Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленди

🔹Ош шаарынын борбордук аянтында Жаңы жыл майрамы салтанаттуу белгиленип, иш-чарага миңдеген шаардыктар жана коноктор чогулду. 🔹Майрамдык кечеге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов катышып, элди келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты. 🔹Жеңишбек Токторбаев 2025-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү жылдардан болгонун белгилеп, 2026-жылга да көптөгөн ири долбоорлор пландалып жатканын кошумчалады. 🔹Майрам […]

Жаңы гүл базары пайдаланууга берилди

Ош улуттук драма театрынын жанына жаңы гүл базары ачылды. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, жашоочулар жана сатуучулар катышты. 🔹Жаңы гүл базары заманбап талаптарга ылайык курулуп, айнек конструкция менен жабдылды. Соодагерлер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлдү. 🔹Белгилей кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан гүл сатуучу дүкөндөрдү ушул […]

✅ Мэр убадасын аткарды: милициянын ардагерлерине кызматтык унаа тапшырылды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын ардагерлери” коомдук бирикмесине кызматтык унаа тапшырды. 🔹Калаа башчысы буга чейин Милиция кызматкерлеринин күнүнө карата ардагерлер менен жолугушуу учурунда жаңы жылга карата заманбап унаа белек кылууну убада кылган. Бүгүн айтылган убадасын иш жүзүндө аткарып, милициянын ардагерлерине жаңы үлгүдөгү унаанын ачкычын тапшырды. 🔹Мындан тышкары, аталган коомдук бирикменин […]

✅Ошто VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына даярдыктардын алкагында “Биримдик кербени” маданий долбооруна старт берилди

🔹Ош шаарында VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата даярдыктардын бир бөлүгү катары “Биримдик кербени” аттуу ири регионалдык маданий долбоор башталды. Бул эстафета суунун кыргыз эли үчүн өзгөчө маанисин баса белгилеп, өлкөнүн биримдигин чыңдоону, салт-санааны даңазалоону жана аймактардын маданий мурасын таанытууну көздөйт. 🔹Суу — көчмөн цивилизациясында тазалыктын, жаңылануунун жана муундардын улантылышынын символу. Ушул терең маани VI Дүйнөлүк […]

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт. Аукционго катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 ( 2-кабат, 5-кана). 1. Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү . 2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык каттоо […]

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин конкурс жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин конкурс жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт. Конкурска катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү № 4 ( 2-кабат, 5-кана). 1. Физикалык жактар үчүн паспорттун көчүрмөсү . 2. Юридикалык жактар үчүн нотариалдык каттоо […]

Кулактандыруу ! Урматтуу Жапалак, Төлөйкөн, Кызыл-Кыштак Айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары (дыйкандар) жана жалпы аукционго катышуучулар. 2025-жылдын 22-23-24-25-26-29-30-декабрь жана 2026-жылдын 09-январь күндөрү Жапалак, Төлөйкөн, Кызыл-Кыштак Айылдык аймактык башкармалыктарындагы ижара мөөнөтү бүткөн айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлери аукцион аркылуу ижарага берилет.

Аукциондун катышуу шарттары: 1. Арыздар лотту көрсөтүү менен 2025-жылдын 16-декабрь күнү саат 17-30 га чейин кабыл алынат. 2. Паспорт көчүрмөсү тиркелет; 3. Ижара акысынан, соц фонд, суугат суудан карызы барлар аукционго катыша албайт. Ижара акысынын ж.б төлөмдөрү жөнүндө квитанциясын арызга тиркеп алып келүүсү керек. 4. Аукционго катышуучу жарандардын (дыйкандардын) Мбанкта мобилдик эсеп счету болуусу керек. […]

✅️ Ош шаарында катарынан 3 көчө ачылды

Ош шаарында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн 3 көчө пайдаланууга берилди. Алар: Маткеримова (Уруцкий); Алымбеков (Краснофлотск); Байтемиров көчөлөрү. Ачылышка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, шаар тургундары катышты.

Алымбек Датка көчөсү расмий ачылд

 Ош шаарындагы Алымбек Датка болуп өзгөртүлгөн ири көчө расмий ачылды. Ачылышка мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Алымбек датканын Алайдан келген урпактары жана калаа тургундары катышты.

✅ ”Ош” унаа базары расмий ачылды

Бүгүн Көкүм-Бий көчөсүндөгү Ош унаа базары толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ачылыш салтанатына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, шаар тургундары катышты. Келген конокторго маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды. Жаңыдан капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөн Ош унаа базарында унаа токтотуучу жайлар толук асфальт болуп, үстү жабык кошумча тосмолор, коомдук […]