Жаңы дайындоо

Мыктыбек Осмоналиев Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду. ***** Новое назначение Мыктыбек Осмоналиев назначен руководителем аппарата мэрии города Ош. Соответствующее распоряжение подписал мэр Жанарбек Акаев. Резюме Осмоналиев Мыктыбек Опыт работы 2025-по настоящее время Координатор по южному региону Совет по развитию бизнеса и инвестициям при Кабинете Министров […]
Мэр Ош шаарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту

Ош шаары, 27-февраль Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга шаардагы абалды көзөмөлдөө жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Калаа башчысы учурда шаардагы негизги маселелер баш аламан соода жайларын иретке келтирүү, мыйзамсыз соода жүргүзүүгө бөгөт коюу жана коомдук жайларда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу […]
Ош шаарындагы А. Масалиев (Н. Нариманов) атындагы мектеп пайдаланууга берилди

Ош шаары, 25-февраль Бүгүн, Ош шаарындагы №7 А. Масалиев (Н. Нариманов) атындагы жалпы билим берүү мекемеси капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү жетекчилер, мугалимдер жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Салтанаттын алкагында мектеп имаратынын алдына мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин эстелиги орнотулду. […]
Жашыл шаарга карай кадам: Ош шаарында жашылдандыруу иштери күчөтүлүүдө

Ош, 25-февраль Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев жана Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу И. Раззаков көчөсүндө уюштурулган көчөт отургузуу саамалыгына катышты. Отургузулган көчөттөр Ош шаарындагы жашылдандыруу чарба комбинатынын күнөсканасында өстүрүлүп, алдын ала чоңойтулган эмен жана каштан көчөттөрү тандалып алынды. Белгилей кетсек, Ош шаарын жашыл шаарга айлантуу жана жашылдандыруу […]
Таңкы рейд: Баш аламан соодага жол берилбейт!

Ош шаары, 25-февраль Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын жетекчилерине Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Тилеке баатыр жана Кара-Суу көчөлөрүндөгү баш аламан соода жайларын толук тазалоо жана мындан ары мындай көрүнүштөргө жол бербөө боюнча катуу тапшырма берди. Аталган аймакта тартипти камсыз кылуу максатында көзөмөл күчөтүлүп, мыйзамсыз соода жүргүзгөн жарандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.
Жаңы дайындоо

Эрнис Толтоев Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды (шаардык чарба жана транспорт маселелери боюнча). Тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду. Буга чейин бул кызматты Сонунбек Джунусбаев ээлеп турган. ***** Новое назначение Эрнис Толтоев назначен заместителем мэра города Ош (по вопросам городского хозяйства и транспорта). Соответствующее распоряжение подписал мэр Жанарбек Акаев. Ранее эту должность […]
Ош шаарында социалдык тармактардын жетекчилери менен кызматташтыкты чыңдоо боюнча жыйын өттү

Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекованын катышуусунда социалдык тармактарга караштуу мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү. Жыйында шаар жетекчилиги тарабынан аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар талкууланды. Мэрдин орун басары ар бир тармактын жетекчилерин мэрия менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууга чакырып, шаарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле шаар мэриясы […]
Прокуратура тарабынан ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жыйын өткөрүлдү

Ош шаарынын прокурорунун орун басары З.Тойчубаевдин төрагалыгында жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын, шаар аймагындагы жеке ишкерлердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Жыйында өлкө башчысынын “Ишкердик субъекттерге салык контролун жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2026-жылдын 13-февралындагы көрсөтмөсүнүн талаптарынын […]
Жаңы дайындоо

Тилек Нурбеков Ош шаарынын мэринин жардамчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду. ***** Новое назначение Тилек Нурбеков назначен помощником мэра города Ош. Соответствующее распоряжение подписал мэр Жанарбек Акаев.
Жаңы дайындоо

Оморбек Торобаев Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду. ***** Новое назначение Оморбек Торобаев назначен первым заместителем мэра города Ош. Соответствующее распоряжение подписал мэр Жанарбек Акаев.