
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын жетекчилерине Манас-Ата аймактык башкармалыгына караштуу Тилеке баатыр жана Кара-Суу көчөлөрүндөгү баш аламан соода жайларын толук тазалоо жана мындан ары мындай көрүнүштөргө жол бербөө боюнча катуу тапшырма берди.