Ош шаарында мектеп окуучуларына республикалык агартуу кампаниясынын алкагында жашы жете элек балдардын эмгек укуктары боюнча семинар өттү

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы жана Кыргызстандагы тпрофсоюздар федерациясы тарабынан 9-11-класстын окуучуларына арналган семинар уюштурулду. Семинар жаш жеткинчектердин экономикалык эксплуатация, анын ичинде балдар эмгеги боюнча проблемаларды чечүү, ошондой эле жаштардын жана иш берүүчүлөрдүн эмгек укуктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Иш-чарага […]
Ош шаарында 8-март-Аялдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэриясы тарабынан С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишкерлер катышты. Шаар мэри Аялзат – үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, […]
Ош шарында ак калпак күнү белгиленди

Бүгүн, 5-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитеттин уюштуруусунда улуттук баш кийим ак калпактын урматына жөө жүрүш өттү. Иш-чарага шаардагы жогорку жана орто атайын окуу жайлардын 1000ге жакын студенттери катышты. Салтанаттуу жүрүш патриоттук демди көтөрүүчү ураандар менен коштолду.
Ош шаарында сот кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында 5-март – Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлоо иш-чарасы өттү. Сыйлыктарды Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров тапшырып, сот тутумунда үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
“Ош шаарындагы муниципалдык имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды), анынын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө жөнүндө”

Урматтуу Ош шаарынын тургундары ! Административдик аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунун айрым аймактары Ош шаарына кошулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 45-беренелеринин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 15,19-беренелеринин негизинде, Ош шаарынын мэриясы жана анын түзүмү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош […]
“Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө”

Урматтуу Ош шаарынын тургундары ! Административдик аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунун айрым аймактары Ош шаарына кошулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Граждандык Кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 45-беренелеринин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесинин негизинде, Ош шаарынын мэриясы жана анын түзүмү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы […]
Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдүн өлчөмүнүн ижарасын көтөрүү жөнүндө

Бул эсептөө Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, КРнын Жер Кодексинин, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» КРнын мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40- беренелерине, Кыргыз республикасынын “Жарнама” жөнүндө Мыйзамына жана башка ижаралык мамилелерди аныктоочу нормативдик актыларга ылайык жүргүзүлөт. Ош шаарынын сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу […]
Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводду куруу боюнча келишимге кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атайын тапшырмасы менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев Кытай Элдик Республикасынын Хунань провинциясынын Чанша шаарында болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарында таштандыларды кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводду куруу боюнча алкактык келишимге кол коюп, жеринде “Хунань Цзюнсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест” ЖЧКсынын […]
Ош шаарында жалпы ишембилик өтүүдө

Бүгүн 1-март күнү жарыяланган үч айлыктын алкагында Ош шаарында жалпы ишембилик болуп, ага шаардагы мекеме-ишканалардын, окуу жайлардын жамааттары, спортчулар жана жаштар өкүлдөрү менен жалпы 50 миңге жакын адам катышууда. Ишембиликте шаардагы бак дарактар, мекеме-ишканалардын фасаддары актап, сырдап, айланасын тазалоодо. Аны менен бирге көчө боюндагы тротуарлар, арыктар таштандылардан тазаланууда.
У.Салиева көчөсү жана ага жакын жолдор кеңейтилип, мыйзамсыз курулуштар алынат

Бүгүн, 28-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы У.Салиева көчөсүн кыдырып, абалын текшерди. Шаар башчысы аталган көчөдөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан, кызыл сызыкка чыккан, көчөнүн жалпы көрүнүшүн, көркүн бузган курулуштарды бузуп алып салуу, жашыл аймактарды түзүү, көрктөндүрүү жана жасалгалоо боюнча иштерди аткарууну тапшырды.