Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы жана Кыргызстандагы тпрофсоюздар федерациясы тарабынан 9-11-класстын окуучуларына арналган семинар уюштурулду.
Семинар жаш жеткинчектердин экономикалык эксплуатация, анын ичинде балдар эмгеги боюнча проблемаларды чечүү, ошондой эле жаштардын жана иш берүүчүлөрдүн эмгек укуктары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлдү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Кыргыз Республикасынын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Кыргызстандагы профсоюздар федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү жана 300дөн ашык мектеп окуучусу катышты.
Семинардын жүрүшүндө окуучулар тарабынан темага байланыштуу суроолор берилип, пикир алмашуу болду. Ошондой эле, эмгек мамилелери жана эмгекти коргоо боюнча маалыматтык видеороликтер көрсөтүлүп, интерактивдүү оюндар уюштурулду.