Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында 5-март – Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнүнө карата сыйлоо иш-чарасы өттү.
Сыйлыктарды Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров тапшырып, сот тутумунда үзүрлүү эмгектенген кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.