ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош: жазгы үч айлыктын байге фонду миллион сом

Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын мэриясында шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча штабынын биринчи отуруму өттү. Ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Жыйында жарыяланган үч айлык боюнча айтылып, айлана чөйрөгө кам көрүү боюнча сөз болду. Аны менен бирге жооптуу кызматкерлерге тиешелүү талаптар коюлуп, […]

Эне тил күнүнө арналган 10 күндүк жыйынтыкталды

27-февраль күнү Бабур атындагы театрда Эне тилдин эл аралык күнүнө карата жарыяланган 10 күндүктүн жыйынктыктоочу иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук […]

Ош шаардык кеңешинде кезектеги сессия өтүп жатат

Бүгүн, 27-февралда Ош шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы башталып, ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэринин орун басарлары, депутаттар, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда. Жыйындын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралууда: – 2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2026-2027-жылдарга пландоо; – Ош шаардык […]

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитетинин отуруму өттү

Отурумда Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы, Ош шаарында катталган үй-бүлөлүк жана балдарга карата зомбулук боюнча 2023-2024-жылдарга, 2025-жылдын январь айына карата салыштырмалуу статистикалык жана аткарылган иштер тууралуу маалыматтар берилди. Жыйынтыгында үй-бүлөлүк жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынып, Ош шаардык ички иштер, Ош шаардык билим берүү, […]

Ош көчөсү Манас айланма жолуна чейин кеңейтилет

Бүгүн, 27-февраль күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте күнүмдүк рейддик кыдырууга чыгып, Ош көчөсүнүн абалы менен таанышты. Шаар башчысы аталган көчө Ош эл аралык аба майданына алып чыгуучу кошумча көчөлөрдүн бири экенин белгилеп, тиешелүү кызматтарга жеринде кызыл сызыкка чыккан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу тапшырмасын берди. Мындан сырткары, шаар мэри бул […]

КУЛАКТАНДЫРУУ!!!

“Ош шаарынын жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасы 2025-жылдын февраль айынан баштап керектөөчүлөргө жылуулук энергиясы жана ысык суу үчүн өз убагында төлөнбөгөн учурда, кечиктирилген ар бир күн үчүн 0,1% өлчөмүндө, бирок карыздын негизги суммасынан 25%дан ашпаган өлчөмдө туум өндүрүлө тургандыгы тууралуу маалымдайт. Жылуулук энергиясы үчүн төлөбөсөңүз же толук төлөм жүргүзбөгөн болсоңуз, карыздын калдыгы үчүн туумдар алынат. […]

Достук чек ара бекетинин жанындагы көчө иретке келтирилет

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликтеги таңкы кыдыруусу бүгүн Достук чек ара бекетинин жанында жайгашкан көчөдө болду. Шаар башчысы бул көчө шаардын босогосунда жайгашканын белгилеп, аймакты тез арада иретке келтирүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Анын ичинде: – Жолдун боюндагы бардык курулуш имараттардын сырткы көрүнүшүн оңдоп-түзөө; – Бул жерде жайгашкан муниципалдык […]

Б.Осмонов көчөсүндө жаңы сквер курулат

Бүгүн, 24-февраль күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Гапар Айтиев жана Бекмамат Осмонов көчөлөрүнүн абалын көрүп чыкты. Мэр аталган көчөнүн боюндагы тротуарларды, кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштардан бошотуу, калыбына келтирүү жана көп кабаттуу үйлөрдүн жанында жайгашкан курулуштардын уруксат кагаздарын текшерип чыгууну тапшырды. Шаар башчысы быйылкы жылы шаардын бардык аймактарында жашыл […]

Б.Осмонов менен касымбеков көчөлөрү оңдоп түзөлөт

Бүгүн, 23-февралда эрте менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Б.Осмонов жана Касымбеков көчөлөрүнүн абалы менен таанышып чыкты. Мэр аталган көчөлөр шаардын кире беришинде жайгашкандыктан, келген коноктор ушул көчөлөрдөн өтөөрүн белгилеп, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине аталган көчөлөрдөгү кызыл сызыктан чыккан объектилерди алып салуу, айрым курулуштардын сырткы көрүнүшүнүн бирдиктүү дизайнын иштеп чыгуу, жашыл аймактарды көбөйтүү тапшырмасын берди.

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Эскилиги жеткен, куураган, кулап түшүү коркунучундагы бак-дарактарды алып салуу иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу, эртең 23-февралда саат 07:00дөн 00:00гө чейин Ленин көчөсү менен кесилишкен Бөрүбаев көчөсүнөн баштап А.Навои көчөсүнө чейинки аралык убактылуу жабылат. Жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап алууну суранабыз.

Юсупов Замир Байышович

Туулган күнү: 27-январь 1986-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2003-2008-жылдары. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия (Славян) Университети. Эл аралык мамилелер факультети
Адистиги: Дүйнөлүк экономика.
2013-жыл. КР каржы министрлигинин окуу борбору. Бишкек.Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис.
2015-жыл. Кытай-Европа окуу борбору. КЭР. Ухань шаары. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн эл аралык семинар (Сертификат).
2015-жыл. КР экономика министрлиги, БУУнун программасы. Ош шаары.
Регионалдык деңгээлдеги туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык планы (Сертификат).
2017-2019-жылдары. М. Адышов атындагы Ош Технологиялык Университети. Автомобилдик транспорт жана тейлөө технологиялары факультети.
Адистиги: Транспорттук процесстер технологиясы.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2009-2010-жылдары. «Би-Стар» ЖЧКсы, Mercedes–Benz компаниясынын расмий өкүлү. Бишкек шаары. Унаа тетиктер менен камсыз кылуу жана бажы иштери боюнча башкы адис.
2010-2012-жылдары. КР УИА химия жана химиялык технологиялар институту. Бишкек шаары.Башкы адис, экономист.
2012-2013-жылдары. Пахтаны кайра иштетүүчү заводу-«Ак-Алтын» АК, Ош облусу, Кара-Суу шаары. Директордун орун басары.
2013-2014-жылдары. КР Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасы, Бишкек шаары. Мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы.
2015-2021-жылдары. Ош шаарынын мэриясынын Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы.
03.03.2021-06.09.2021 – Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.
10.2021 – 04.2023 – «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Ош шаарындагы транспорт кызматынын жетекчиси.
26.04.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Исаев Марс Асанович

Туулган күнү: 14-август 1981-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ:
2020-2023-жылдар. М.Адышов атындагы Ош технологиялык университети.
Адистиги: өнөр жай жана жарандык курулуш.
2019-жылдан азыркыга чейин М Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети.
Адистиги: Аспирантура.
2003-2006-жылдар. Кыргыз-Орус Славян университети
Факультет: Юриспруденция
Адистиги: Кылмыш-жаза укугу.
1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
Факультет: Финансы жана кредит
Адистиги: Банк иши (кызыл диплом)

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2006-2007-жылдары. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы. “ТӨБ” мамлекеттик ишканасы. Сатып алуулар боюнча адис.
2009-2010-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2009-2011-жылдары. «Нур Телеком» жоопкерчилиги чектелген коому, «О» мобилдик түйүнүнүн соода маркасы. Башкы директордун биринчи орун басары.
2011-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши. Жогорку Кеңештин депутатынын коомдук жардамчысы.
2012-2015-жылдары. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык көзөмөл жана финансы органдары менен иштөө боюнча аймактык башкармалыгы. Финансылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башкы адиси.
2015-2018-жылдары – Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын Ош облусу боюнча президенти.
2021-жылдан баштап – Кыргыз Республикасынын «Аргымак» ат спорту ассоциациясынын президенти.
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары.

Азат Кубатбек уулу

Туулган күнү: 31-март,1991-жыл.
Туулган жери: Чүй обласы, Токмок шаары

БИЛИМИ:
2014-жыл – Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети. Адистиги: Юриспруденция.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
23.12.2015 – Токмок шаардык мэриясы, уюштуруу иштери жана документтик камсыздоо бөлүмү;
08.01.2016 – Токмок шаардык кеңеши;
19.03.2018 – Токмок шаардык мэриясы, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
02.08.2021 – Токмок шаардык кеңеши;
05.04.2022 – Saima Telecom, агенттик сатуу тобу;
07.12.2022 – Кыргыз Республикасынын Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, Уюштуруу-укуктук иштер, экономика жана инвестиция тартуу бөлүмү;
30.01.2023 – Ош шаарынын мэриясы.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору.

Кадыров Нурбек Сүйүнбаевич

Туулган күнү: 27-июль, 1984-жыл.
Туулган жери: Ош шаары

БИЛИМИ: Жогорку
2006-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Эл аралык мамилелер;
2011-жылы – Ош мамлекеттик юридикалык институту. Адистиги: Юриспруденция;
2013-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр);
2020-2022-жылдары – Мэйдзи университети (Токио, Япония) Адистиги: Мамлекеттик башкаруу (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
09.15.2008 – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин түштүк аймактык башкармалыгы;
03.11.2010 – Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү;
08.12.2011 – Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;
04.11.2016 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, КСДПнын депутаттык комиссиясынын катчылыгы;
13.06.2023-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору.

Джунусбаев Сонунбек Калмаматович

Туулган күнү: 29-июль, 1985-жыл.
Туулган жери: Ош облусу, Кара-Суу районунун Каарман айылы.

БИЛИМИ:
2007-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: тарых мугалими;
2017-жыл – Ош мамлекеттик университети. Адистиги: Юриспруденция;
2021-жыл – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (Магистр).

ЭМГЕК ЖОЛУ:
02.01.2008 – Ош шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети.
25.02.2008 – ОшМУ, «Борбордук Азия жана Кыргызстан тарыхы» кафедрасы;
01/08/2009 – Ош облусунун мамлекеттик администрациясы, билим берүү, маданият, жаштар саясаты жана спорт бөлүмү;
02.01.2011 – Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети;
20.02.2019 – Ош шаарынын мэриясынын №2 “Сулайман-Тоо” МАБы;
06.09.2021-жылдан баштап Ош шаарынын мэринин орун басары.

Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович

Туулган күнү: 30-май, 1966-жыл
Туулган жери: Чүй району, Сайлык айылы
1984-1986 -жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

БИЛИМИ:
1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун «машыктыруучу-мугалим» адистиги боюнча аяктаган;
2013-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институтун юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

ЭМГЕК ЖОЛУ:
2010-2015 – Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты;
2015 – 2021 – Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты;
28.11.2022-жылдан баштап Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.