ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош: жазгы үч айлыктын байге фонду миллион сом

Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын мэриясында шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча штабынын биринчи отуруму өттү.

Ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйында жарыяланган үч айлык боюнча айтылып, айлана чөйрөгө кам көрүү боюнча сөз болду. Аны менен бирге жооптуу кызматкерлерге тиешелүү талаптар коюлуп, жазгы үч айлык боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, жазгы үч айлыктын жыйынтыгы төмөндөгү номинациялар боюнча чыгарылат:

– Мыкты муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыгы;

– Мыкты көп кабаттуу үй;

– Мыкты социалдык мекеме;

– Мыкты муниципалдык ишкана;

– Мыкты көчө;

– Шаардын көрктөндүрүүсүнө көмөк көрсөткөн жеке менчик ишкана.

Жогоруда белгиленген номинациялар боюнча мыктыларга соңунда Ош шаарын мэриясы тарабынан 1 миллион сом бөлүп берилет.

Окшош жаңылыктар

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

vybory

ШАЙЛОО-2027: Байкоочу — укуктары жана милдеттери

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

Видео