Бүгүн, 23-февралда эрте менен Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Б.Осмонов жана Касымбеков көчөлөрүнүн абалы менен таанышып чыкты.
Мэр аталган көчөлөр шаардын кире беришинде жайгашкандыктан, келген коноктор ушул көчөлөрдөн өтөөрүн белгилеп, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине аталган көчөлөрдөгү кызыл сызыктан чыккан объектилерди алып салуу, айрым курулуштардын сырткы көрүнүшүнүн бирдиктүү дизайнын иштеп чыгуу, жашыл аймактарды көбөйтүү тапшырмасын берди.