ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарында Султан Раевдин “Күн кармаган бала” спектакли коюлду

З.Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрында Ысык-Көл облустук Касымалы Жантөшев атындагы драма театрынын артисттери тарабынан Султан Раевдин “Күн кармаган бала” спектакли тартууланды. Маданий иш-чаранын алкагында Ош шаарынын мэринин кеңешчиси Салтанат Аманова Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун атынан театрдын чыгармачыл жамаатын спектаклдин мыкты коюлгандыгы менен куттуктап, театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өнөр ээлерине Ош шаарынын […]

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Сиздерди бүгүнкү 5-март Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен кызуу куттуктаймын! Ак калпак-Кыргыз элинин улуу мурасы, дөөлөтү жана кемибес дүйнөсү десек жаңылышпайбыз! “Асманда жарык көрсөң- жылдыз деп бил, ак калпак кийгендерди – Кыргыз деп бил”, – дегендей ак калпак эзелтеден элибизди дүйнө элине таанытып келе жатат. Ак калпак ата-бабаларыбыздан азыркы […]

А. Сүйүмбаев атындагы стадиондун айланасын баштапкы абалына келтирүү иши башталды

Ош шаарындагы А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун айланасы 2001-жылы берилген токтомго ылайык 5,5 гектар деп көрсөтүлгөн. 1996-жылы соц обьектилердин аймагынын жер аянттарын жеке менчике бербөө боюнча токтому чыкканына карабай, 1 гектардан ашуун жер тилкеси ар кандай жолдор менен жеке колдорго берилип кеткен. Алар стадиондун айланасына коммерциялык багыттагы курулуштарды салып иштетип келишкен. Бүгүн курулуш ээлери менен […]

«Манас» театрынын төкмө акындары айтыш-концертин тартуулашты

Бүгүн, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында «Манас» театрынын өнөрпоздорунун “Андай эмес…” аталышындагы айтыш-концерти өттү. Концертте акындардын айтышы, комуз күүлөрү, залкарлардын термелери жаңырып, обондуу ырлары аткарылып, көрүүчүлөрдүн жарпын жазды. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, комуз менен төкмөлүк өнөр кыргыздын байыркы мурасы экендигин белгилеп, акындарга ийгиликтерди каалады. Ошондой эле, салттуу музыкалык […]

Ош шаарындагы № 177 көчө толук оңдоодон өтөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, аймакта жайгашкан №177 көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Долбоор боюнча аталган көчөгө 2 катмар асфальт төшөлүп, тротуар салынып, ирригациялык тармактар тартылып, жарыктандыруу орнотулат. Жолдун жалпы узундугу 2,33 чакырым, туурасы 9 метрди түзөт.

Ош көчөсүн кеңейтүү боюнча даярдык иштери башталды

Ош көчөсүнүн Ж. Раимбеков көчөсүнөн Ж. Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн кеңейтүү жана оңдоп-түзөө боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жолду кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып, жашоочулар менен жолугушуп, тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди. Жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери да жүрдү. Мында Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу тарабынан […]

Ош шаарында токтоп турган 625 орундуу мектептин курулушу быйыл бүткөрүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов “Амир-Тимур” муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жаңы мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып чыкты. Калаа башчысы жүргүзүлүп жаткан жумуштар өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүү жагын тапшыруу менен бирге тиешелүү кызмат, мекеме жетекчилерине куруучуларга ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди. Белгилей кетсек, курулуштун жалпы аянты 4 291 чарчы метрди түзөт. Долбоорго […]

Аймактар аралык жүргүнчүлөрдү ташуу Ош автобекетинен гана жүргүзүлөт

Бүгүн 1-марттан тарта Ош шаарынан аймактар аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу бардык каттамдар шаардык автобекеттен гана каттай баштайт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов автобекеттеги айдоочулар менен болгон жолугушууда билдирди. Аталган чечим жарандардын кайрылууларына ылайык жана жол тыгындарынын, кырсыктардын алдын алуу максатында кабыл алынган. Анткени шаардан башка райондорго жүргүнчүлөрдү ташуучу таксилер жолдун ар кайсы жерине чогулушуп, […]

Кыргыз тилиндеги мультфильмдер коомдук транспортто коюла баштайт

Бүгүн, Ош шаарынын мэриясында транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик тилдин аткарылышы боюнча жыйын өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттигинин, Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын, билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. Жыйында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик […]