ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош көчөсүн кеңейтүү боюнча даярдык иштери башталды

Ош көчөсүнүн Ж. Раимбеков көчөсүнөн Ж. Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн кеңейтүү жана оңдоп-түзөө боюнча даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жолду кеңейтүү иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышып, жашоочулар менен жолугушуп, тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.
Жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери да жүрдү. Мында Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу тарабынан жолдун чек арасы такталып, “кызыл сызыктан” чыккан имараттарды кыска мөөнөттө бузуп, алып салуу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.
Белгилей кетсек, жолдун туурасы эки тарабындагы тротуарларды, ирригациялык тармактарды, жарыктандырууну кошкондо 12 метрди түзөт. Жолдун жалпы узундугу болжол менен 800 метр. Оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү быйылкы жылга каралган.

Окшош жаңылыктар

1445ec72-dd4b-442f-92a9-31cee6e6556a

Алымбек датка көчөсү мөөнөтүнөн мурда жаңыланды

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

Видео