Ошто медицина кызматкерлеринин күнүнө карата “Кыз-жигит” сармердени өткөрүлдү

Бүгүн, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов жана шаардагы саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери катышты. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап, түйшүктүү кесиптин ар бир өкүлүнүн калктын саламаттыгын чыңдоого […]
Ош шаарынынан барган топ Новосибирск шаарынын 130 жылдыгына катышты

Орусиянын Новосибирск шаарынын 130 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Шаар күнү чоң майрамдык парад менен башталып, ага Ош шаарынын мэриясынын жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын өкүлдөрү катышышты. Иш сапарда, коноктор Новосибирск шаары менен таанышып, «Жыл мезгилдери» атуу гүл фестивалына күбө болушту. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы консулдугу менен биргеликте, Новосибирск, Томск, Омск шаарларындагы жогорку окуу жайларына бюджеттик орундарга […]