ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ош шаарынынан барган топ Новосибирск шаарынын 130 жылдыгына катышты

Орусиянын Новосибирск шаарынын 130 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Шаар күнү чоң майрамдык парад менен башталып, ага Ош шаарынын мэриясынын жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын өкүлдөрү катышышты.

Иш сапарда, коноктор Новосибирск шаары менен таанышып, «Жыл мезгилдери» атуу гүл фестивалына күбө болушту.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы консулдугу менен биргеликте, Новосибирск, Томск, Омск шаарларындагы жогорку окуу жайларына бюджеттик орундарга жалпы республикалык тестирлөөдө төмөн балга ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү окууга кабыл алууга көмөктөшүү боюнча Новосибирк облустук администрациясынын бөлүм башчысынын кабыл алуусунда болуп, жарандар менен иштөө боюнча 2 онлайн программа менен таанышышты.

Белгилей кетсек, Новосибирск менен Ош шаарынын ортосундагы боордош шаар келишимине 2009-жылы июнь айында кол коюлган.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео