ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кулактандыруу!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары! “Ошгаз” филиалынын маалыматына ылайык, Өзбекстан Республикасынын аймагындагы магистралдык газ түтүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу 2026-жылдын 16-октябрында саат 10:00дөн тартып 17-октябрда саат 08:00гө чейин Ош шаарында жана ага чектеш райондордун калктуу конуштарында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Тургундардан коопсуздук эрежелерин сактоону жана түшүнүү менен кабыл алууну […]

Кең-Сай массивин өнүктүрүүнүн башкы планы иштелип чыгууда

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Кең-Сай массивине барып, аймактагы инфраструктуралык иштердин жүрүшү жана алдыдагы пландар менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө шаар башчысы Мээркан айылынан Кең-Сай массивине алып баруучу жолдун курулушун көрүп чыгып, аткарылып жаткан иштердин абалына көңүл бурду. Ошондой эле массивдин инфраструктурасын өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыздоо жана электр […]

Чубак Жалилов көчөсү иретке келтирилүүдө

Ош шаарындагы Чубак ажы Жалилов (мурдагы Ишматов) көчөсүндө көрктөндүрүү жана жолду оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Иштердин алкагында жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштар жана соода күркөлөрү алынууда. Ошондой эле көчөнүн көркүн бузуп, жол кыймылына тоскоолдук жараткан бак-дарактар иретке келтирилип, санитардык бутоо иштери жүргүзүлүүдө. Аталган көчөнү оңдоо иштери да катар жүргүзүлүп, 3,5 чакырым жолго асфальт төшөлөт. https://www.facebook.com/share/r/16Fxi5iKVBh/

Кең-Сай: Жашоочулардын суранычы аткарылууда

Ош шаарындагы Кең-Сай массивинде жаңы жол салынды. Учурда жолго шагыл төшөө иштери жүрүп, атайын техника иштеп жатат. Буга чейин аталган аймактын тургундары шаарга жетүү үчүн айланып өтүп, кошумча 5-6 чакырым жол жүрүүгө аргасыз болушчу. Жаңы жолдун салынышы менен шаарга каттоо кыйла жеңилдеп, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Эске салсак, 7-октябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев […]

Ош шаарындагы негизги көчөлөрдүн бири 10 күндө жаңыланат

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен биргеликте шаардагы негизги көчөлөрдүн бири болгон Алымбек датка көчөсүн кыдырып, учурдагы абалы жана асфальт төшөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бүгүн көчөнүн узундугу 2,5 чакырымды түзгөн тилкесинде асфальт төшөө иштери башталды. Оңдоо иштерин 10 күндүн ичинде толук бүтүрүү милдети коюлду. Жумуштар шаар тургундарына келтирилүүчү ыңгайсыздыктарды азайтуу жана […]

Ош шаарында көмүр сатыла баштады

Ош шаарындагы муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын аймагында көмүр сатуу пункттары иштөөдө. Учурда шаар боюнча жалпы 35 сатуу пункту уюштурулган. Төмөндө көмүр сатылуучу пункттардын жайгашкан жерлери жана даректери көрсөтүлгөн.

Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин айланасы мыйзамсыз курулуштардан тазаланууда

Бүгүн 13-октябрда, шаар башчысы Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык, Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин айланасындагы өз билемдик менен курулуп калган чарбалык курулуштарды алып салуу иштери жүргүзүлүп жатат. Анын ичинде гараждар жана башка конструкциядагы курулуштар буздурулуп, аймакты иретке келтирүү иштери аткарылууда. https://www.facebook.com/share/v/19sr1nmSYL/

Кулактандыруу!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана коноктору! Бүгүн, 14-октябрда, саат 10:00дөн тарта Ош шаарындагы Алымбек датка көчөсүнүн (борбордук аянт) А. Навои көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальт төшөө иштери башталат. Оңдоо иштерине байланыштуу жол тилкеси этап-этабы менен убактылуу жабылып, алгачкы этапта М. Нургазиев көчөсүнөн тарта М. Аматов менен кесилишке чейин унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Ушуга байланыштуу айдоочулардан жол […]

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын жаңылоо иштери уланууда

“Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасы тарабынан, шаардын көркүн жакшыртуу, жана жашоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында көп кабаттуу үйлөрдүн фасадын жаңылоо, актап-сырдоо жумуштары жигердүү жүрүүдө. 2025-жылы, жыл ичинде шаар аймагындагы 50 көп кабаттуу үйдүн фасады толугу менен актап сырдалып, заманбап көрүнүшкө келтирилген. Ал эми Ош шаарынын мэри Акаев Жанарбек Кубанычовичтин жеке тапшырмасына […]