Ош шаарындагы Авиценна көчөсү капиталдык ондоодон өттү

Ош шаарындагы Авиценна көчөсүндө жолду кеңейтүү жана тротуар куруу иштери аяктап, көчө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев катышты. Белгилей кетсек, аталган көчө буга чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жолдун И. Раззаков көчөсүнөн тартып “Орто Азия” мейманканасына чейинки бөлүгү оңдолуп, көчөнүн өткөрүмдүүлүгүн жакшыртууга жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө […]
Эл менен түз байланыш — көйгөйдү чечүүгө кадам

Бүгүн мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев жеке маселелери менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Кабыл алуунун жүрүшүндө шаар тургундары жылуулук тармагына туташтыруу боюнча жамааттык кайрылуу, каналдын жээгин бетондоо, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, Эне-Сай конушунан турак жай алуу жана башка бир катар маселелерди көтөрүштү. Шумкарбек Пайзиев жарандардын кайрылууларын угуп, айтылган маселелерди тиешелүү тартипте кароо жана чечүү боюнча жооптуу […]
ШАЙЛОО-2027: Талапкерди онлайн колдоону каалайсызбы?

Талапкерди онлайн кантип колдоого болот?
Ош — жашыл келечекке карай: экологиялык демилгелер жол картасына түшөт

Бүгүн 12-сентябрда, Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоевдин төрагалыгы алдында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) “Жашыл шаар” программасынын алкагында жумушчу топтун отуруму өттү. Жыйында Ош шаарынын экологиялык абалына жүргүзүлгөн баштапкы баалоонун жыйынтыктары каралып, негизги экологиялык көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Ошондой эле шаардын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн натыйжалуу жана узак […]
Ош шаарында жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда Ош шаарындагы 2024 аскер бөлүгү жайгашкан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган чек ара комплекси салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, […]
Ош шаарында волейбол боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

9-11-октябрь күндөрү Ош шаарында эркектер жана кыз-келиндер командалары арасында волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын XVIII чемпионатынын жыйынтыктоочу III туру болуп өттү. Бул турда кыз-келиндер арасынан “Бишкек”, “Салам-Алик”, “Дордой”, “Ош”, ал эми эркектер арасынан “СКА МО”, “ВВ МВД”, “Кара-Суу” жана “Бек. Жалалабат” клубдары күч сынашты. Айлампа оюндарынын жыйынтыгында кыз-келиндер арасында “Ош” клубу чемпиондук титулды багындырса, “Дордой” экинчи, […]
Chevrolet Estocada борбору расмий ачылды

Бүгүн Ош шаарында Chevrolet Estocada автолизинг борборунун расмий ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Борбор буга чейин Бишкек шаарында ишке киргизилген. Ош шаарынын мэринин демилгеси жана өтүнүчү менен эми аталган борбор Ош шаарында да ачылып, жергиликтүү ишкерлерге жана мамлекеттик мекемелерге унааларды лизинг аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Автолизинг борбору мамлекеттик ишканаларга жылдык […]
Супаналиев көчөсү жаңыланды

Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына караган Супаналиев көчөсүн капиталдык оңдоп-түзөө аяктап, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев, тиешелүү кызматтардын жетекчилери ,тургундар катышты. Мурда жол жол 4 метр болсо, азыр 6 метрге чейин кеңейтилди. Ошондой эле жол жээгинде бордюрлар, ирригациялык лотоктор орнотулган. Жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар да каралган. Ачылыш аземде сөз сүйлөгөн мэрдин […]
Т. Асанов көчөсү капиталдык оңдоодон өттү

Бүгүн, 10-октябрда, Т. Асанов көчөсүнүн А. Алиев көчөсүнөн Алаев көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге шаар мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев, тиешелүү кызматтардын жетекчилери, тургундар катышты. Капиталдык оңдоонун алкагында автоунаа жүрүүчү бөлүккө эки катмар асфальт төшөлүп, эки тараптан тротуарлар курулду. Ошондой эле жолдун […]
Ош шаарында эл аралык OFFROAD FEST “КУБОК БАРСА” фестивалы өтүүдө

Бүгүн, 10-октябрда, Ош шаарынын күнүнө карата эл аралык OFFROAD FEST “КУБОК БАРСА” фестивалы башталды. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Эл аралык оффроуд фестивалы 10–11-октябрь күндөрү өтүп, ага жол тандабас унаалардын айдоочулары жана экстремалдык автоспорттун күйөрмандары катышууда. Фестивалдын негизги максаты — автоспортту өнүктүрүү, туризмди жайылтуу жана Ош шаарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытуу. […]