Ош шаарынын күнүндө Мамлекеттик туу көтөрүлүп, парад өттү

5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленди. Ага Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда борбордук аянтка Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу көтөрүлдү. Эскерте кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен шаар күнүнө карата 45 метрлик желек сап алынып салынып, анын ордуна 95 метрлик жаңы желек сап орнотулду. Иш-чарада Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундарын шаар күнү менен куттуктады. Ошондой эле борбордук […]
Көп балалуу энелерди “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо үчүн материалдарды 2025-жылдын 15-декабрына чейин кабыл алынат

Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо үчүн материалдарды 2025-жылдын 15-декабрына чейин кабыл алат. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №237 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар мораторий мезгилинде өзгөчө учурларда гана Президенттин демилгеси боюнча караларын маалымдайбыз. “Баатыр […]
Ош мэриясы ЕРӨБ менен кызматташат

17-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен Бишкек шаарында жолугушту. Жолугушууда бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Тараптар Ош шаарына электробустарды алып келүү жана жаңы троллейбус линияларын куруу боюнча келишимге кол коюшту. Ошондой эле, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сунуштар каралды. Атап айтканда: • эстакадалык көпүрөлөрдү куруу, • шаарды айланып […]
Эко таксинин санын көбөйтүү аракети көрүлүүдө

Бүгүн, 11-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Джусин Чжикэ” компаниясынын жетекчиси Ма Хайфен менен жолукту. Жолугушууда Ош шаарында ачылып ишке кирген Эко муниципалдык такси кызматынын ишин жүргүзүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Шаар тургундарына экологиялык жактан таза, заманбап жана ыңгайлуу транспорттук кызмат көрсөтүү үчүн электро унаалардын санын көбөйтүү зарыл болуп турат. Жеңишбек Токторбаев бул маселени чечүү […]
Мэр үч эмге батир тапшырды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмге 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Айзирек, Айтунук жана Айназик Муратовалар 3-класста окушат. Буга чейин кыздардын таенеси мэрге жолугуп, жагдайын түшүндүргөн. Жеңишбек Токторбаев кыздарга кең келечек каалап, тез күндө жаңы батирине жайгаштыруу тапшырмасын берди.
Бала бакчанын көйгөйү 2 саатта чечилди

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Төлөйкөн айылындагы спорт залдын ачылышынан соң Аалам нуру бала бакчасына кирген. Аталган бала бакчанын жетекчилиги мэрге духовка жоктугун айткан. Мэр бул суранычты тез арада чечип, бала бакчага ашкана жабдыктарын белек кылууну убада кылган. 2 сааттан соң шаар башчынын тапшырмасы менен балдар бакчасына 2 духовкага кошо муздаткыч да жеткирилип берилди.
Маатов көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарындагы дагы бир көчө капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Маатов көчөсүн (Алымбек Датка көчөсүнөн Алиев көчөсүнө чейинки аралык) асфальттоо иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана шаар тургундары катышты. Бул көчөнүн жолуна асфальт төшөлүп, тротуар курулду жана лотоктор орнотулду.
Горький көчөсү пайдаланууга берилди

Ош шаарында М. Горький көчөсү оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Аталган көчө толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, асфальт басылып, тротуар жана ирригациялык лотоктор курулду.
Ош шаарынын мэри АКШнын Элчиси менен жолугушту

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Ош шаары менен АКШнын ар кандай тармактардагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Айрыкча билим берүү, саламаттык сактоо, жаштар демилгелерин колдоо жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жаатында пикир алмашышты. Мэр Жеңишбек Токторбаев шаардагы социалдык-экономикалык абал тууралуу айтып, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Элчи […]
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүүгө сынак жарыялайт.

Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы С. Айни көчөсүнүн №9в жана № 11 даректеринде жайгашкан аректеринде жайгашкан Лот № Жер тилкесинин дареги Аянты (чарчы метр) Ижара акысы Багыты 1 Ош шаарынын Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы МЖК №5 турак үйүнүн жанында жайгашкан жер тилкеси 263,19 15791 сом (бир жыл) Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу 2 Ош шаарынын […]