Чубак ажы көчөсүндө 4 тилкелүү жол курулууда

Ош шаарындагы жаңы аталыш алган Чубак ажы Жалилов көчөсү оңдоп-түзөлүүдө. Долбоордун алкагында узундугу 3,5 чакырым болгон жол 4 тилкелүү болуп, 24 метрге чейин кеңейтилет. Жолдун эки тарабына туурасы 2,5 метрден болгон тротуарлар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулат жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, Чубак ажы Жалилов көчөсү К. Исаков жана Базаров көчөлөрүн бириктирген шаардагы маанилүү транспорттук […]
Кулактандыруу!

Ош шаарында V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштар өткөрүлөт Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында өтө турган V Элдик Курултайга Ош шаарынан делегаттарды шайлоо өнөктүгү башталды. Ош шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы сессиясында кабыл алынган № 176 “Ош […]
Жарандык авиация күнү белгиленди

Ош шаарындагы “Ош” Эл аралык аэропортунда 7-октябрь жарандык авиация күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев, “Ош” Эл аралык аэропортунун жетекчиси Тимурлан Маданбеков, шаардагы тиешелүү башкармалыктар, аэропорт жамааты катышты. Иш-чаранын алкагында мэрдин орун басары Жарандык авиациянын түзүлгөндүгүнүн 92 жылдыгы менен жамаатты куттуктап, шаар башчысынын Ардак грамоталарын тапшырды.
Көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму өттү

Ош шаарындагы көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын алгачкы отуруму өттү. Аталган комиссия КР Президентинин 2026-жылдын 30-июнундагы кеңешменин № 1 протокулунун негизинде Ош шаарынын мэринин буйругу менен түзүлгөн. Отурумга комиссиянын курамына кирген укук коргоо кызматынын өкүлдөрү, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мэрдин орун басарлары жана калаа башчысы өзү катышышты. Күн […]
Шаар башчысы У. Салиева көчөсүндөгү жатакана тибиндеги үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы У. Салиева көчөсүндөгү №2, №4, №8 жана №10 жатакана тибиндеги үйлөрдүн жашоочулар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө мэр көп жылдардан бери чечилбей келген көйгөйлөр менен таанышып, жашоочулардын сунуш-пикирлерин укту. Учурда жатакана тибиндеги үйлөрдүн ордуна жаңы, заманбап көп кабаттуу турак жайларды куруу боюнча курулуш компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Шаар […]
Ош шаарында жол белгилери жаңыланууда

Ош шаарында жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында эскилиги жеткен жол белгилери алмаштырылып, зарыл болгон жерлерге кошумча белгилер орнотулууда. Ошондой эле шаар көчөлөрүндө жол сызыктары, анын ичинде жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр жаңыланып, кайрадан чийилүүдө. Бул иштер айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган. https://www.facebook.com/share/v/18exjrAiHX/
Унаа тетиктер базары пайдаланууга берилди

Ош шаарында жаңыдан курулган унаа тетиктер базары пайдаланууга берилди. Ачылуу аземине Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев, ишкерлер, сатуучулар жана шаар тургундары катышты. Жаңы базар Көкүм-Бий көчөсүндө жайгашкан. Анда соодагерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жанында унаа базары бар. Иш-чарага катышкан мэрдин орун басары бул аймак жакынкы аралыкта өзүнчө борборго айланарын билдирди. Анткени азыркы […]
Шаар күнүн өткөрүүгө салым кошкондор сыйланды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев калаанын 3026 жылдык мааракесин өткөрүүгө салым кошкондорду сыйлап, ыраазычылык каттарды тапшырды. Шаар башчысы майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, уюштуруучулар чын дилинен иштегендигин айтты. Мындан сырткары, алдыда өтүүчү бардык мааракелерди дал ушундай өткөрүүнү тапшырма берди. Белгилесек, Ош шаарынын күнү А. Суюмбаев атындагы стадиондо жогорку деңгээлде өттү. Ага Борбор Азияга белгилүү […]
Кең-Сай массивинде жашоочулар үчүн шарттар жакшырат

Бүгүн 7-октябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кең-Сай массивинин тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө жашоочулар аймактагы инфраструктураны жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарын билдиришти. Атап айтканда, массивдин негизги жолуна шагыл төшөп берүү жана электр мамыларын орнотуу боюнча өтүнүчтөрүн айтышты. Жанарбек Акаев тургундардын кайрылуулары эске алынып, айтылган маселелерди чечүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн белгиледи. Инфраструктураны жакшыртуу боюнча […]
Унаасыз жумушка барган шаар тургундары сыйланды

Эки ай мурда Ош шаарынын мэриясы баштаган “Унаасыз бир күн – Велосипед менен жумушка аттуу челендж баштаган. Бүгүн, 7-октябрь саамалыктын жеңүүчүлөрү сыйланып, аларга акыркы үлгүдөгү велосипеддер белекке берилди. Жеңүүчүлөр: 1-орун – Диана Умаралиева; 2-орун – Замирбек Эрнусбек уулу; 3-орун – Алмаз Маликов. Калаанын 3 тургуну күндө велосипед менен жумушка барып, видео тартышкан. Бул өз кезегинде […]