Курманжан-Датка көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери башталды

Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин эрте мененки рейддик кыдыруусунда берилген протоколдук тапшырмасына ылыйык, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан тротуарлардын боюнда жайгашкан тосмолорду, шаардын көркүн бузуп жаткан мыйзамсыз, убактылуу объектилерди бузуп, алып салуу, аны менен бирге жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, жашыл аймактарды жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлө баштады. Буга чейин мыйзамсыз курулган объектилердин ээлерине […]
Ы.Монуев, А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги үч май куючу жай бузулууда

Ош шаарында эки деңгээлдүү жолдун жана өтмөктүн куруу иштеринин алкагында Ы.Монуев менен А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “МПА” жана “Red Petroleum” май куючу жайларды алып салуу иштери жүрүп жатат. Аталган жайлардын ээлери Ош шаарынын мэриясынын сунушун кабыл алып, коомчулуктун дагы пикирин эске алуу менен бузуп алуу боюнча иштерди алып барууда. Май куючу жайлар шаардын ортосунда, көп […]
Кезектеги рейд Курманжан-Датка көчөсүндө улантылды

Бүгүн, 29-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Курманжан-Датка көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнүн кесилишине чейинки абалы менен таанышууну улантты. Мында калаа башчысы шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Асранкулов көчөсүндөгү жолду кеңейтүү зарылдыгын билдирди. Ошондой эле, Курманжан-Датка көчөсүндө жасалууга тийиш болгон бир катар тапшырмаларды берди: – ирригациялык тармактарды толук оңдоп түзөө; – […]
Жаңы дайындоо!

Шаршеналы уулу Адилет Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду. Жаңы аппарат жетекчиси буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын кадрлар бөлүмүндө адис, жетектөөчү адис, эксперт андан кийин бөлүм башчы болуп иштеген. 2022-жылдан тарта ушул мезгилге чейин КР ЖК депутатынын консультанты болуп эмгектенген. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
Ош шаарынын мэри жарандарды кабыл алды

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алып, кайрылууларын укту. Кабыл алууга мэриянын аппаратынын өкүлдөрү жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын, аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Жарандар негизинен турак-жай, социалдык, материалдык жардам көрсөтүү, жер, жаңы муниципалдык базардан орун алуу маселелери менен кайрылышты. Шаар башчысы ар бир жарандын кайрылуусуна толук жооп берип, суроо-талаптар боюнча тиешелүү […]
Мэр: Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу, көрктөндүрүү иштери шаар боюнча жүргүзүлөт

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таң эрте менен тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Курманжан-Датка көчөсүн кыдырып, абалын көрдү. Шаар башчысы жеринде көчөнүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо, анын ичинде эскилиги жеткен көп жылдык дарактарды алуу жана ордуна заманбап жаңы жаш көчөттөрдү отургузуу боюнча иштерди баштоо, кызыл сызыкка чыккан имараттарды талапка ылайык бузуп алып салуу, иретсиз жана […]
Жаш уландар арасындагы бокс боюнча КРнын чемпионатында Ош шаарынын мушкерлери 9 медаль жеңип алышты

2025-жылдын 18-23-январь күндөрү, Бишкек шаарында (2009- 2010) жылдары туулган улан жигиттер арасындагы чемпионатта төмөнкү боксчулар байгелүү орундарга ээ болушту: 1-орунга Абиджанов Худайберди (48 кг), Акрамов Зубаир (57 кг), Абдуллаев Давуд (60 кг) татыды. 2-орунду Бакалов Ибрагим (80 кг) ээледи. 3-орунду Азизбеков Исматулло (50 кг), Саргалтаев Барсбек (63 кг), Абдыгапаров Умар (66 кг), Ысмаилов Байкен (70 […]
Мэр шаардагы курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 27-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов Ош шаарынын курулуш компанияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Калаа башчысы куруучуларды ачык жана таза иштөөгө үндөп, жергиликтүү бийлик тарабынан курулуш тармагын өнүктүрүүдө ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи. Мындан сырткары, Жеңишбек Токторбаев коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөгө, шаар инфраструктурасын жакшыртууга […]
Ош шаарында блокададагы Ленинграддын бошотулгандыгынын 81 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин, Кыргызстан элдеринин достугу ассамблеясынын жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү ошондой эле мектеп окуучулары катышты. Иш-чаранын алкагында “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүл чамбар коюлуп, «Блокада наны» акциясы уюштурулду. Жалпысынан блокада учурунда Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган, алардын 3 […]
Шаардагы аймактык башкармалыктарга жаңы техникалар тапшырылды

Бүгүн, 27-январь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында демөөрчүлөр тарабынан алынып, шаар балансына өткөрүлүп берилген жаңы атайын техникаларды тапшыруу аземи болду. Тапшыруу аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Шаар мэри жергиликтүү бюджет бекитилген соң чарбалык тейлөө үчүн […]