Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Ош шаарынын муниципалдык менчик ишканасы муниципалдык объектилерин ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү үчүн конкурс жарыялайт. Конкурска катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү №4 (3-кабат, 13-каана). Конкурска бардык физикалык жана юридикалык жактар, алардын ичинде конкурс өткөрүүгө 1 (бир) күн калганда конкурска катышуу туурасында арыз берген жактар катыша алат. Керектелүүчү […]
Раззаков көчөсүндө жашыл аймактар түзүлүп, мыйзамсыз объектилер бузулат

Бүгүн 3-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Раззаков көчөсүнүн абалын текшерди. Шаар башчысы жеринде көчөнүн жалпы көрүнүшүн жакшыртуу, анын ичинде тосулуп калган тротуарларды ачуу, мыйзамсыз соода-сатык жайларды, тосмолорду бузуп алып салуу, башаламан соодага тыюу салуу, эскилиги жеткен, өңү өчкөн жарнамалык объектилерди жаңылоо боюнча тапшырмаларды берди. Мэр […]
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!

Эскилиги жеткен, куураган, кулап түшүү коркунучундагы бак-дарактарды кыркып тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканына байланыштуу, эртең 3-февралда саат 06:00дөн 00:00гө чейин Курманжан-Датка көчөсүнүн А. Навои менен А.Бөрүбаев (ОшМУнун башкы корпусу) көчө кесилиштерине чейинки бөлүк убактылуу жабылат. Жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап алууну суранабыз.
Нурматов көчөсүн ачуу боюнча иштер башталат

Бүгүн, 1-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы А. Масалиев кең көчөсүн кыдырды. Анын жүрүшүндө шаар башчысы жарандардын көптөгөн өтүнүчтөрүнө ылайык, А.Масалиев көчөсү менен А.Шакиров көчөсүн байланыштырган Нурматов көчөсүн ачуу керектигин белгиледи. Аталган көчө №703 аскер бөлүгү тарабынан тосулүп калган. Шаар башчысы жолду ачуу боюнча иштерди баштоо зарыл экенин белгилеп, жолдун жабылышынын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу […]
Мэрдин эл менен жолугушуусу уланууда

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында аталган аймактык башкармалыгынын башчысы 2024-жылы социалдык багытта, санариптештирүү, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү, кош каржылоо программасынын алкагында аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди. Жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, жергиликтүү жашоочулар ичүүчү суу, жол, тротуарларды, балдар ойноочу аянтчаларды куруу, айрым мектептердин ичи-сыртын оңдоп-түзөө, […]
Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат

Бүгүн, 31-январда Ош шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы башталып, ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэринин орун басарлары, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Сессиянын башында шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын туруктуу өнүгүүсү үчүн аткарылуучу иштер боюнча айтып берип, алдыга коюлган максаттар менен бөлүштү. Ошондой эле, депутаттардын сунуш-пикирлерин […]
Мэрдин эрте мененки рейди: жашыл аймактарды кеңейтүү жана мыйзамсыз объектилерди бузуу иштери улантылат

Элдик жыйын: Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын көйгөйлөрү айтылды

Алгач чогулган элге муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы 2024-жылы аткарылган жумуштар боюнча баяндама жасап, алдыда аткарылуучу жумуштарды тизмектеди. Суроо-жооп учурунда аймактын жашоочулары коомдук транспорт, эс алуу үчүн аймактарды уюштуруу, бала бакча, мектептин короосун оңдоо, жол тыгынын жоюу, ички жолдорду ачуу, асфальттоо, социалдык, коммуналдык, турак-жай маселелерине байланышкан көйгөйлөрүн айтышты. Мэр Жеңишбек Токторбаев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери жергиликтүү […]
Мэр кезектеги көчмө жыйынын Ленин көчөсүндө улантты

Бүгүн, 30-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Ленин көчөсүнүн абалын текшерип чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы шаардагы эң узун көчөлөрдүн бири болгон Ленин көчөсүнүн жалпы көрүнүшүнө өзгөчө көңүл бурууну, айрыкча кызыл сызыкка чыккан объектилерди талапка ылайык бузуу, оңдоп-түзөө, сугат тармактарын жаңылоо, жашыл аймактарды уюштуруу, эски жана оорукчан бак-дарактарды алмаштыруу боюнча […]
Ош: шаар мэринин эл менен жолугушуулары башталды

Бүгүн, 29-январь күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолукту. Жыйынга ошондой эле Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышты. Жыйындын башында шаар жетекчиси жергиликтүү тургундар менен таанышып, шаарды өнүктүрүү багытында быйылкы жылы аткарылуучу алгылыктуу иштер боюнча айтып берди. Андан соң муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы 2024-жыл ичинде […]