ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Chevrolet Estocada борбору расмий ачылды

Бүгүн Ош шаарында Chevrolet Estocada автолизинг борборунун расмий ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты.
Борбор буга чейин Бишкек шаарында ишке киргизилген. Ош шаарынын мэринин демилгеси жана өтүнүчү менен эми аталган борбор Ош шаарында да ачылып, жергиликтүү ишкерлерге жана мамлекеттик мекемелерге унааларды лизинг аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.
Автолизинг борбору мамлекеттик ишканаларга жылдык 4 пайыз, жеке ишканаларга 8 пайыздык үстөк менен унааларды сунуштайт.
Мындай долбоорлор шаарга инвестиция тартууга, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот. Ош шаарында инвестициялык климатты жакшыртуу, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу багытындагы иштер улантылууда.

Окшош жаңылыктар

845622225_1450119400640286_228673856332150957_n

Ош шаарында волейбол боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

323d6770-8503-488f-a092-708e2b2d5a13

Супаналиев көчөсү жаңыланды

1850f74d-67eb-47db-9a92-b435488d80de

Т. Асанов көчөсү капиталдык оңдоодон өттү

301c3e4c-212f-4315-bcae-fb8cd00f84d1

Ош шаарында эл аралык OFFROAD FEST “КУБОК БАРСА” фестивалы өтүүдө

a763df2b-a8be-4687-9b45-23c8412b2bbf

Чубак ажы көчөсүндө 4 тилкелүү жол курулууда

840900509_1447762950875931_6808665237211980040_n

Кулактандыруу!

Видео