Ош шаарындагы Чубак ажы Жалилов (мурдагы Ишматов) көчөсүндө көрктөндүрүү жана жолду оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Иштердин алкагында жол боюнда жайгашкан мыйзамсыз курулуштар жана соода күркөлөрү алынууда. Ошондой эле көчөнүн көркүн бузуп, жол кыймылына тоскоолдук жараткан бак-дарактар иретке келтирилип, санитардык бутоо иштери жүргүзүлүүдө.
Аталган көчөнү оңдоо иштери да катар жүргүзүлүп, 3,5 чакырым жолго асфальт төшөлөт.

