“Кыргыз-Иран достугу” спорт комплексинде Сулайман-Тоо кубогу үчүн уландар жана кыздар арасында дзюдо боюнча IV эл аралык турнир башталды.
Турнирдин ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Нурислам Каримов, Бүткүл дүйнөлүк «Алыш күрөш» федерациясынын президенти Адилет Баяман уулу, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров, спортчулар, машыктыруучулар жана күйөрмандар катышты.
Эл аралык турнир 7-8-октябрь күндөрү өтүп, ага Орусия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргыз Республикасынын бардык облустарынан 7 жаштан 16 жашка чейинки 400дөн ашык спортчу катышууда.
Турнирдин жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышат