Бүгүн мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев жеке маселелери менен кайрылган жарандарды кабыл алды.
Кабыл алуунун жүрүшүндө шаар тургундары жылуулук тармагына туташтыруу боюнча жамааттык кайрылуу, каналдын жээгин бетондоо, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу, Эне-Сай конушунан турак жай алуу жана башка бир катар маселелерди көтөрүштү.
Шумкарбек Пайзиев жарандардын кайрылууларын угуп, айтылган маселелерди тиешелүү тартипте кароо жана чечүү боюнча жооптуу кызматтарга тапшырмаларды берди. Жарандардын кайрылуулары белгиленген тартипте каралып, ар бир маселе боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

