ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Инвестиция: Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Бүгүн 5-октябрда Ош шаарында “Клиника Ош” заманбап медициналык борборунун ачылыш аземи өттү. Салтанатка Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы жана медицина кызматкерлери катышты.
Мэр өз сөзүндө бул борбордун ачылышы шаар үчүн маанилүү кадам экенин белгилеп, долбоорго колдоо көрсөткөн Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондуна ыраазычылык билдирди.
“Бул долбоор Кыргызстан менен Азербайжандын достук жана өз ара пайдалуу кызматташтыгынын жакшы үлгүсү. Клиниканын ишке кириши менен түштүк аймагынын тургундары үчүн сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү кеңейет” – деди калаа башчы.
Медициналык борбор жалпы 110 бейтапты кабыл алууга даяр. Ошондой эле 120 жумуш оруну түзүлгөн. Кардиология, кардиохирургия, неврология, нейрохирургия, урология, гинекология, жалпы хирургия багыттары боюнча дарылоо жүргүзөт.
Борбор Ош шаарынын гана эмес, жалпы түштүк аймагынын тургундарына заманбап медициналык жардам көрсөтүп, татаал ооруларды жеринде дарылоого жана жарандардын чет өлкөгө барып дарылануу зарылдыгын азайтууга мүмкүндүк берет.

https://www.facebook.com/share/r/19HQEB4FDG/

Окшош жаңылыктар

833074835_1442008964784663_3130819471720128257_n

Ош шаарынын күнүнө карата улуттук спорттук мелдештер өткөрүлдү

833347183_1093116133607795_7752594070590369149_n

Ош шаарынын 3026 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

a6ea200b-5e46-4a7f-b971-4c75f2fff418

Ош шаарында Бегиш Аматов атындагы көчө пайдаланууга берилди

834938047_1158698986499831_2380975622032703484_n

Мэрдин кубогу: Шахмат боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды

832819128_1442010008117892_1345856720888533611_n

Ош шаарынын күнүнө карата көк бөрү боюнча жаштар арасындагы чемпионат уланууда

836163308_4635935016691756_4646787346726614131_n

Ош шаарынын мэри боордош шаарлардын өкүлдөрүн кабыл алды

Видео