Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарындагы бир катар социалдык мекемелерди кыдырып, анын алкагында шаар башчысы “Тез жардам” кызматынын, Ош шаарындагы №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалдарынын абалы менен таанышып чыкты.
Мэр, айрым эскилиги жеткен мекемелерди оңдоп-түзөө үчүн тиешелүү кызматтарга иш-мерчемдерин түзүү, жаңы имараттарды куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берди.