Ош шаарындагы Кең-Сай массивинде жаңы жол салынды. Учурда жолго шагыл төшөө иштери жүрүп, атайын техника иштеп жатат.
Буга чейин аталган аймактын тургундары шаарга жетүү үчүн айланып өтүп, кошумча 5-6 чакырым жол жүрүүгө аргасыз болушчу. Жаңы жолдун салынышы менен шаарга каттоо кыйла жеңилдеп, тургундар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Эске салсак, 7-октябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кең-Сай массивинин тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн уккан. Жолду жакшыртуу боюнча тургундардын өтүнүчү эске алынып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

