Бүгүн 2024-жылы мамлекеттик муктаждык үчүн жер тилкесин берген жарандарга кызыл китептери тапшырылды. Эске салсак, азыркы жаңы муниципалдык базар жайгашкан жер тилкелеринин менчик ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө алардын укуктарын эске алуу менен жер тилкесинин 10 пайызы өлчөмүндө жеке менчикке жер берүү боюнча макулдашуу болгон.
Бул багытта тиешелүү трансформация иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө документтер толугу менен даярдалып, мэр Жанарбек Акаев 61 менчик ээсине мамлекеттик актысын өзү тапшырды.
Жалпысынан 3 гектардан ашык жер тилкеси коммерциялык багытта трансформацияланып, менчик ээлеринин ар бирине 100 чарчы метрден жер тилкеси жеке менчикке өткөрүлүп берилди. Эми алар аталган жайды коммерциялык багытта каалагандай пайдалан алышат.
Ош шаарынын мэриясы жарандар менен өз ара ишенимге жана ачык диалогго негизделген иштерди улантат. Мамлекеттик муктаждык үчүн жер берүүдө жарандын укугу жана кызыкчылыгы мыйзам чегинде корголот.

