ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кезектеги таштанды ылгоочу аянтча ишке кирди

Бүгүн, “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасы Кулатов кичи районунда жалпы аянты 105 чарчы метрди түзгөн, тиричилик таштандыларын ылгоочу бешинчи аянтчаны ишке киргизди.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов долбоор менен жеринде таанышып чыгып, шаардыктардын таштандыларды жыйноо маданиятын жогорулатуу максатында ишке ашырылып жаткан долбоор шаардагы экологиялык абалды бир топ жакшыртаарын белгиледи. Ошондой эле мындай аянтчалар шаардын бардык аймактарында курулаарын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар аймагында, тактап айтканда Г.Айтиев, Е.Алиев, А.Пушкин, Алай, Ленин көчөлөрүнүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жанында таштанды ылгоочу аянтчалар курулуп, пайдаланууга берилген.

Шаар аймагы боюнча быйыл жалпысынан 10 таштанды ылгоочу аянтчалар курулат. Долбоор «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан өз эсебинен ишке ашырылып, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео