Бүгүн 5-октябрь, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын күнүнө карата 18-35 жаштагы жаштар арасында өткөрүлгөн кичи футбол жана волейбол боюнча шаардын кубогунун жеңүүчүлөрүн сыйлады.
Мелдеште төмөнкүлөр жеңишке ээ болуп, аларга кубок, медалдар жана дипломдор тапшырылып, мыкты оюнчулар акчалай сыйланды:
– 1-орун, “УСМ” тобу (100 миң сом);
– 2-орун, “Шелк комбинат” тобу (50 миң сом);
– 3-орун, “Тээке” тобу (25 миң сом);
– 4-орун “Жапалак” тобу (10 миң сом).