Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасында болду. Ал жердеги техникалык жактан эскирген, иштен чыккан автобустарды жана троллейбустарды эсептен чыгаруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Аталган ишкананын балансында турган 67ге жакын пайдаланылбай турган техникалар жобого ылайык эсептен чыгарылууда.