Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин “Кыргыз Республикасынын шаар куруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө” курулуш ченемдеринин 1-тиркемесинин 7-пунктуна ылайык, Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы төмөнкүлөрдү билдирет:
Ош шаарынын Төлөйкөн айыл аймагындагы Ормонов көчөсүндө жайгашкан “Жеткинчек” балдар лагеринин курулуш долбоору коомдук угууга коюлат.
Эскерте кетсек, аталган долбоор быйыл 18-июнда өткөн Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин жыйынында каралган.
