ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Коомго кайра аралашууга колдоо: Пробация боюнча кеңешинин кезектеги отуруму

Ош шаарынын мэриясында пробация боюнча кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары, кеңештин төрайымы Масуда Айдарбекова алып барды.
Отурумда пробациялык көзөмөлдө турган жарандардын социалдык абалын жакшыртуу, турмуштук көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк көрсөтүү жана алардын коомго кайрадан аралашуусуна шарт түзүү маселелери каралды.
Ошондой эле буга чейинки отурумдарда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы талкууланып, жарандарга көрсөтүлүп жаткан социалдык, медициналык жана материалдык жардамдардын натыйжалуулугу боюнча пикирлер айтылды.
Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилип, алардын аткарылышын көзөмөлдөө милдети белгиленди.

Окшош жаңылыктар

828074510_1440438898275003_9016532536306407326_n

Жетимишов көчөсүндөгү жаңыланган жол пайдаланууга берилди

832682184_1440009798317913_833599164873450571_n

“Оорубай, сергек жашаңыздар”… Мэр карылардан кабар алды

829529640_1439915214994038_4322779488428762927_n

Тарыхый мурас — келечек муундарга аманат

be628b87-f85e-4f2b-9645-beefce418793

Легендарлуу мушкер Ош шаарына келди

830900341_1810334146954745_2167860989338723151_n

Кулактандыруу! Аукцион!

watermarked_img_10588422015457381954

Кулактандыруу!

Видео