Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык жер тилкелерин аукцион аркылуу убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт.
Аукционго катышуучулар төмөндөгү дарекке кайрылышат: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Заднепровский көчөсү №4, 2-кабат, 5-каана.
Керектелүүчү документтер:
Физикалык жактар үчүн – паспорттун көчүрмөсү.
Юридикалык жактар үчүн – нотариалдык жактан же каттоону жүргүзүүчү орган тарабынан тастыкталган уюштуруу документтеринин көчүрмөсү, уюмдун өкүлүнүн паспорту жана аукционго катышууга белгиленген формадагы ишеним кат.
Кепилдик төлөм – старттык баанын 10 пайызы өлчөмүндө жана коюлган лоттун старттык баасынын 0,5 пайызы өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөнгөндүгүн тастыктаган документтер.
Аукционго катышуу жөнүндө белгиленген формадагы арыз, анда лоттун номери көрсөтүлүүгө тийиш.
Аукцион Ош шаарынын мэриясынын расмий сайтына кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин өткөрүлөт.
Эскертүү: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы аукционго коюлган объектти (мүлктү) аукцион өткөрүлө турган күнгө 3 күн калганга чейин аукциондон алып салууга укуктуу.
Көңүл буруңуздар! Аукционго бардык физикалык жана юридикалык жактар катыша алышат. Анын ичинде аукцион өткөрүлө турган күнгө 1 (бир) күн калганга чейин катышуу жөнүндө арыз берген жактар да катышууга укуктуу.
Аукционго катышууну каалаган адамдар өз өкүлдөрү аркылуу, тиешелүү ишеним каттын негизинде катыша алышат.



