Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык объектилерди убактылуу ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүлөрүн маалымдайт.
Конкурска Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсү №243/1 дарегинде жайгашкан, жеңил типтеги конструкциядан болгон, заманбап гүл сатуучу павильондун өзүнчө лоттору коюлат.
– 1.2-лоттун аянты 33,60 чарчы метрди түзөт. Баштапкы ижара акысы айына 9 996 сом.
– 1.13-лоттун аянты 16,54 чарчы метрди түзөт. Баштапкы ижара акысы айына 4 921 сом.
Аталган объектилер коммерциялык багытта пайдаланууга убактылуу ижарага берилет.
Ошондой эле Ош шаарынын Н. Исанов көчөсү №40 дарегинде жайгашкан “Барпы Алыкулов” атындагы сейил багынын аймагындагы жеңил типтеги конструкциядан болгон бир кабаттуу ашкана жана кичи футбол аянтчасы да конкурс аркылуу убактылуу ижарага берилет.
Объекттин жалпы аянты 1 013,36 чарчы метрди түзөт, анын ичинде ашкананын аянты – 213,36 чарчы метр, кичи футбол аянтчасынын аянты – 800 чарчы метр. Баштапкы ижара акысы айына 82 140 сом.
Объект коомдук тамактануу жана кичи футбол аянтчасын уюштуруу багытында пайдаланууга берилет.
– Конкурска катышуу үчүн жеке жактардан паспорт талап кылынат.
– Юридикалык жактар тиешелүү уюштуруу жана каттоо документтерин, өкүлү аркылуу катышкан учурда белгиленген формадагы ишеним катты жана өкүлдүн паспортун тапшырат.
– Ошондой эле тиешелүү лоттун баштапкы баасынын 10 пайызы өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү жана 0,5 пайызы өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документтер көрсөтүлүшү керек.
Конкурска катышуу жөнүндө белгиленген формадагы арызда катышуучу тандаган лоттун номери көрсөтүлүшү зарыл. Ага бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде конкурс өткөрүлө турган күнгө 1 күн калганга чейин арыз берген адамдар катыша алышат.
Катышуучулар конкурска өз өкүлдөрү аркылуу ишеним каттын негизинде да катышууга укуктуу.
Документтер төмөнкү даректе кабыл алынат:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, 2-кабат, 8-бөлмө.
Сурап-билүү телефону: 0 555 54-00-20.
Эскертүү: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тиешелүү объектти конкурс өткөрүлүүчү күнгө 3 күн калганга чейин конкурстан алып салууга укуктуу.
