ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кулактандыруу!

Ош шаарында V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштар өткөрүлөт

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 “Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык, 2026-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында өтө турган V Элдик Курултайга Ош шаарынан делегаттарды шайлоо өнөктүгү башталды.
Ош шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы сессиясында кабыл алынган № 176 “Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын өткөрүү жөнүндө” токтому менен бекитилген графикке ылайык, делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштар төмөнкү тартипте өткөрүлөт.
Чогулуштардын графиги
1. Алымбек-Датка муниципалдык аймагы
  • * Күнү: 13-октябрь 2026-жыл
  • * Убактысы: саат 10:00
  • * Өтүүчү жери: № 26 Токтогул Сатылганов атындагы мектептин жыйындар залы.
2. Сулайман-Тоо муниципалдык аймагы
  • * Күнү: 13-октябрь 2026-жыл
  • * Убактысы: саат 10:00
  • * Өтүүчү жери: М. В. Ломоносов атындагы мектептин жыйындар залы.
3. Керме-Тоо муниципалдык аймагы
  • * Күнү: 13-октябрь 2026-жыл
  • * Убактысы: саат 14:00
  • * Өтүүчү жери: № 20 И. Раззаков атындагы мектептин жыйындар залы.
4. Манас-Ата муниципалдык аймагы
  • * Күнү: 14-октябрь 2026-жыл
  • * Убактысы: саат 10:00
  • * Өтүүчү жери: Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун залы.
5. Жибек-Жолу муниципалдык аймагы
  • * Күнү: 14-октябрь 2026-жыл
  • * Убактысы: саат 10:00
  • * Өтүүчү жери: № 47 мектептин жыйындар залы.
6. Курманжан-Датка муниципалдык аймагы
  • * Күнү: 14-октябрь 2026-жыл
  • * Убактысы: саат 14:00
  • * Өтүүчү жери: № 18 А. Навои атындагы мектептин жыйындар залы.
7. Жапалак айылдык аймагы
  • * Күнү: 15-октябрь 2026-жыл
  • * Убактысы: саат 10:00
  • * Өтүүчү жери: Кеңеш айылындагы клуб.
8. Кызыл-Кыштак айылдык аймагы
  • * Күнү: 15-октябрь 2026-жыл
  • * Убактысы: саат 10:00
  • * Өтүүчү жери: Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын жыйындар залы.
9. Төлөйкөн айылдык аймагы
  • * Күнү: 15-октябрь 2026-жыл
  • * Убактысы: саат 14:00
  • * Өтүүчү жери: А. С. Пушкин атындагы мектептин жыйындар залы.
Урматтуу шаар тургундары!
Сиздерди V Элдик Курултайга Ош шаарынан делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлүүчү чогулуштарга активдүү катышууга чакырабыз.
Чогулуштар тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн жашаган аймагыңыздардагы Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык же айылдык аймактык башкармалыктарына кайрылсаңыздар болот.

Окшош жаңылыктар

845622225_1450119400640286_228673856332150957_n

Ош шаарында волейбол боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

6fb207f6-9d57-4c1f-b994-9cd8b3101c8b

Chevrolet Estocada борбору расмий ачылды

323d6770-8503-488f-a092-708e2b2d5a13

Супаналиев көчөсү жаңыланды

1850f74d-67eb-47db-9a92-b435488d80de

Т. Асанов көчөсү капиталдык оңдоодон өттү

301c3e4c-212f-4315-bcae-fb8cd00f84d1

Ош шаарында эл аралык OFFROAD FEST “КУБОК БАРСА” фестивалы өтүүдө

a763df2b-a8be-4687-9b45-23c8412b2bbf

Чубак ажы көчөсүндө 4 тилкелүү жол курулууда

Видео