ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Кулактандыруу! Аукцион!

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык жер тилкелерин аукцион жолу менен убактылуу ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча аукцион өткөрүлөрүн жарыялайт.
Аукционго төмөнкү муниципалдык жер тилкелери коюлат:
– 1-лот. Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсү №180 дарегинде жайгашкан, аянты 125,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 393 120 сом. Жер тилкеси автоунаа токтотуучу жай (меймандык) катары пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 5 жыл.
– 2-лот. Ош шаарынын Чернышевский көчөсү №13 үйүнүн алдындагы, аянты 44,55 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 15 396 сом. Жер тилкеси жашылдандыруу иштерин жүргүзүү үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 3 жыл.
– 3-лот. Ош шаарынын Т. Шоноев көчөсү №2а/2 дарегинде жайгашкан, аянты 213,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 478 483 сом. Жер тилкеси жеңил типтеги конструкциядан соода дүкөнүн орнотуу үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
– 4-лот. Ош шаарынын Алымбек Датка көчөсүндө, С.М. Киров атындагы орто мектебинин жанында жайгашкан, аянты 6,0 чарчы метр болгон жер тилкеси. Аукциондун старттык баасы – 25 920 сом. Жер тилкеси жеңил типтеги конструкциядан журнал-гезит сатуу боюнча павильон орнотуу үчүн пайдаланууга берилет. Ижара мөөнөтү – 1 жыл.
Аукционго катышууну каалаган жарандар жана юридикалык жактар төмөнкү дарекке кайрылышат:
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын имараты, Ош шаары, Заднепровский көчөсү №4, 2-кабат, 5-бөлмө.
Жеке жактар үчүн:
• паспорттун көчүрмөсү.
Юридикалык жактар үчүн:
• нотариалдык жактан же каттоо органы тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
• уюмдун өкүлүнө аукционго катышуу үчүн белгиленген формадагы ишеним кат;
• өкүлдүн паспорту.
Мындан тышкары:
• аукциондун старттык баасынын 10 пайызы өлчөмүндөгү кепилдик төлөмдү;
• тиешелүү лоттун старттык баасынын 0,5 пайызы өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документтер;
• лоттун номерин көрсөтүү менен аукционго катышуу жөнүндө бекитилген формадагы арыз талап кылынат.
Аукцион жарыяланган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн өткөндөн кийин өткөрүлөт.
Аукционго бардык жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде аукцион өткөрүлө турган күнгө 1 (бир) күн калганга чейин аукционго катышуу жөнүндө арыз берген адамдар катыша алышат.
Аукционго катышууну каалаган адамдар өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу ишеним каттын негизинде катышууга укуктуу.
Эскертүү: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тиешелүү жер тилкесин (мүлктү) аукцион өткөрүлө турган күнгө 3 (үч) күн калганга чейин аукциондон алып салууга укуктуу.

Окшош жаңылыктар

4509bca0-b5e8-409d-adcf-a7c324ab3c88

Кулактандыруу!

WhatsApp Image 2026-09-29 at 13.20.29

Ош шаарында Элдик Курултайларда айтылган сунуштарды ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

829342034_1437990018519891_650481032053914071_n

Ош шаардык Кеңешинин XXII сессиясы өтүүдө

WhatsApp Image 2026-09-29 at 12.29.22

Кенже админстртивдик кызмат орундары үчүн КОНКУРС!!

1111158896White_and_Green_Modern_Land_Plot_Sale_Promotion_Instagram Post

Кулактандыруу!

20d331f2-30a5-4f6b-b1dd-97388179929e

Жетимишов көчөсүндө жол оңдоо иштери аяктоо алдында

Видео