Курманжан Датка көчөсүнүн Аматов көчөсүнөн Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки 2 чакырым жол тилкесине асфальттын экинчи катмары төшөлүп жатат. Учурда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган тилкеде жылуулук түтүктөрү алмаштырылып, жол жээктери иретке келтирилип, бордюрларды орнотуу иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле жолдун биринчи катмарына асфальт төшөлгөн.
Жол тилкесиндеги иштерди толугу менен аяктап, эки күндөн кийин пайдаланууга берилет.
https://www.facebook.com/share/r/19QyWYsWtW/

