Кыр-Арык каналынын жээгиндеги, тактап айтканда Дадабай-Ата кафесинин артындагы аймак мыйзамсыз курулуштардан бошотулууда.
Жеңил конструкциядагы объектилер жергиликтүү тургундар жана ээлери тарабынан ыктыярдуу бузулуп жатат.
Бошотулган тилке суу корук аймагын коргоо талаптарына ылайык толугу менен иретке келтирилип, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында шаар тургундары үчүн таза, коопсуз, ыңгайлуу коомдук мейкиндикке айланмакчы.

