ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Ленин көчөсүн Ош автобекетине чейин бир тараптуу толук ачуу жумуштары башталды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, шаар ичиндеги жол тыгындарын жоюу максатында Ленин көчөсүнүн Загородный көчөсүнөн Курманжан-Датка көчөсүнө чейинки 1,7 чакырым аралыгындагы жолду капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары башталды.

Аталган жол Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилди. Бул жол бир тараптуу унаа кыймылы үчүн Ош автобекетине туташтырылат. Учурда мыйзамсыз жана убактылуу курулган объектилерди алып салуу, жолду кеңейтүү жумуштары кызуу жүрүүдө.

Ошондой эле жеринде жолго асфальт төшөө, жол сызыктарын чийүү, ирригациялык тармактарды оңдоо, тротуарларды куруу, жарыктандыруу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Аталган тилкедеги коммуналдык тутумдардын ишин иретке келтирүү максатында Ош шаарынын баардык тиешелүү кызматтары да тартылган.

Калаа башчы Бакытбек Жетигенов жумуштарды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасын берген.

Белгилей кетсек, Ленин көчөсүнүн Мамажан менен Загородный көчөсүнө чейинки бир чакырым аралыгындагы жолго буга чейин асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилген.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео