ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышына көзөмөл күчөтүлөт

Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын талаптарын аткаруу, Ош шаардык прокуратурасынын сунуштамасын талкуулоо, жеке менчик мекемелердин, уюмдардын аталыштарын, көрнөк-жарнактардын жана кулактандыруулардын мыйзамдык ченемдерин иретке келтирүү боюнча жыйын өттү.

Жыйын Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыровдун жетекчилиги астында өтүп, ага Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын адистери, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тил жаатындагы мыйзамдык ченемдерин сактоо аркылуу, тез арада мыйзам бузууларды жоюу жана четтетүү, бул багытта аткарылган иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгы белгиленди.

Ошондой эле, жыйындын күн тартибине кирген бир катар маселелер талкууланып, сын-пикирлер айтылып, соңунда шаар бийлиги тарабынан төмөнкү аткаруу талаптары коюлду:

– Ош шаарынын көчөлөрүндө жайгаштырлыган жарнактарды, кулактандырууларды жана башка маалыматтарды Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү боюнча биргелешкен тартипте иштерди күчөтүү;

– Жооптуу кызматкерлерге тартиптик жаза чараларын колдонууга чейин муниципалдык аймактык башкармалыктардын адистеринин иш-чараларга катышкан бардык кызматтар менен жеринде өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео