Ош шаарында Мамыров көчөсүн оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Жолдун Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашык бөлүгү толугу менен жаңыланууда.
Учурда жолдун эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарларды куруу иштери аткарылууда.
Тиешелүү иштерди аяктаган соң Мамыров көчөсү жакынкы 10 күндүн ичинде пайдаланууга берилет.
https://www.facebook.com/share/r/1CbnV6eT8C/

