Ош шаарында Мамыров көчөсүн жаңылоо иштери жүрүүдө. Курманжан Датка көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки 500 метрден ашык жол тилкеси толугу менен жаңыланууда.
Учурда асфальттын биринчи катмары төшөлүп, жолдун эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, тротуар куруу иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары көчөнүн жарыктандыруу жана канализация системалары жаңыланган.

