ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэр: Үйү бузулган бир дагы жаран үйсүз калбайт

“Эне-Сай” конушуна 13 үй-бүлө көчүрүлдү. Бүгүн жолдорду кеңейтүү иштеринин алкагында үйлөрү бузулган жарандарга “Эне-Сай” конушунан жаңы турак жайлардын ачкычтары тапшырылды.
Шаар башчысы Жанарбек Акаев жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырып жатып, жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылып, колдоо көрсөткөн тургундарга ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле мэр жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, КР Президентинин колдоосу менен конушта мектептин курулушу жүрүп жатканын белгилеп, курулушу аяктаган соң окуучулар үчүн автобус бөлүнөрүн маалымдады.
Белгилей кетсек, 5-ноябрга чейин дагы 40ка жакын үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоо пландалууда, ал эми экинчи этапта жыл аягына чейин дагы 50 үй-бүлөгө жаңы үйлөр берилет.
Мындан сырткары конушта бала бакча, балдар ойноочу аянтчалар жана башка социалдык объектилер курулуп, кошумча транспорттук каттамдар уюштурулат.

Окшош жаңылыктар

858987859_1460009356317957_5309757377006198829_n

Жашыл шаар: Ошто энергетика, суу жана транспорт тармактарын өнүктүрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты

855221090_1837839254225947_7617923139357598050_n

Кулактандыруу!

857897160_1771908417357503_3995813698931148632_n

Кулактандыруу! Аукцион!

vybory

ШАЙЛОО-2027: Шайлоочунун кабинети — бардык кызматтар бир жерде

Screenshot_8

Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында аткарылган иштердин жыйынтыгы

857666015_1458880613097498_1321287872375622613_n

Акын жашайт чыгармасында: Ош шаарында К. Бобуловдун 90 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү

Видео