Бүгүн, 24-сентябрь Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев мушкер Акбар Абдуллаевди кабыл алды. Өз сөзүндө шаар башчы мушкерди АКШда өткөн беттешиндеги жеңиши менен куттуктап, мындан аркы спорттук карьерасына ийгилик каалады. Мэр Акбар Абдуллаевге атайын белек ыйгарып, акчалай сыйлык тапшырды.
Эске салсак, 15-сентябрда АКШда өткөн Dana White’s Contender Series турниринде Акбар Абдуллаев бразилиялык Эднилсон Сантос менен беттешип, аны болгону 19 секундда нокаут менен жеңген. Бул жеңишинин артынан кыргызстандык мушкер UFC менен расмий келишим түздү.
