ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мэр: Ош шаарындагы бала бакчалардын камсыздоосун колго алабыз

Бүгүн, 25-сентябрь Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын Тээке айылында 100 орундуу “Бал дүйнө” бала бакчасы пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү тургундар, ата-энелер жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин Тээке айылында мектепке чейинки билим берүү мекемеси болгон эмес. Айыл тургундары балдарын бакчага берүү үчүн шаарга алып барууга аргасыз болушса, айрым балдар мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, бакчага барган эмес.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн шаар башчы, айыл тургундарын кубанычтуу күн менен куттуктады. Ошондой эле мэр бала бакчалардын сырткы фасадына маани берилип, алар түстүү боектор менен кооздолушу керектигин айтты. Мэрдин айтымында, мындай аракет балдарга жагымдуу жана визуалдык жактан кызыктуу чөйрө түзөт.
Мындан тышкары Жанарбек Акаев калаада балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Ал өткөн жумадагы Жалал-Абад облусунда катталган мектеп рэкетчилиги боюнча окуяны эске салып, мындай көрүнүштөрдүн Ош шаарында алдын алуу керектигин айтты.
“Балдардын коопсуздугу — башкы милдет. Мектеп рэкетчилигине жол бербөө үчүн шаарда алдын алуу иштерин күчөтүшүбүз керек”, -деди мэр.

Окшош жаңылыктар

820005660_1434251128893780_469701059941688202_n

Ошто жыл аягына чейин балмуздак чыгаруучу завод ишке кирет

821071783_1434151152237111_427988942653942507_n

Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

822286064_1433325298986363_251291254728502379_n

Жапалакка жаратылыш газы берилди

d7d401a5-0390-4258-95d4-27fa9c073a77

Мэр мушкер Акбар Абдуллаевди кабыл алды

images

OSH INVEST FORUM 2026 : Инвестициядан өнүгүүгө

821468765_1433076462344580_3267830863119283122_n

Ош шаары менен ЕККУ: кызматташтыктын жаңы багыттары талкууланды

Видео