Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев маданият тармагы боюнча маселелерди талкуулоо боюнча жолугушту.
Ошондой эле жыйында Алымбек датка курдурган Ак медресени калыбына келтирүү жана көрүстөндөрдү иретке келтирүү жумуштарын ишке ашыруу маселелери каралды.



