Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алып, сунуш, кайрылууларын укту.
Кабыл алууга мэриянын бөлүм башчылары жана шаардык, муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.
Жарандар негизинен документтерди даярдоо, материалдык жардам көрсөтүү, жер тилкелери боюнча талаш-тартыштарды чечүү, ипотекалык шартта турак жай алуу, мыйзамсыз курулуштарга чара көрүү, шаардын четки аймактарын таза суу жана электр энергиясы менен камсыздоо, ички жолдорго асфальт төшөө маселелери боюнча кайрылышты.
Шаар башчысы ар бир жарандын кайрылуусуна толук жооп берип, суроо-талаптар боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине тапшырмаларды берди.