Жаштар борборунда Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгы менен билим берүү башкармалыгынын биргелешкен “Мугалим PRO” долбоору кайрадан старт алды.
Мурунку жылдан тарта ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан бул 6 айлык демилге 35 жашка чейинки мугалимдердин кесиптик, санариптик жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган.
Долбоорго катышууга 300гө жакын жаш адис кызыгуу билдирип, эки этаптуу тандоонун (онлайн-тандоо жана маектешүү) жыйынтыгында 35 мыкты мугалим тандалып алынды. Долбоордун жыйынтыгы боюнча эң мыкты катышуучулардын арасынан 2 мугалимге чет өлкөдө кыска мөөнөттүү тажрыйба алмашууга жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов, ошондой эле педагог-новатор, эксперт Асылбек Жоодонбеков катышышты.
Долбоордун негизги максаты — заманбап билим берүү талаптарына жооп берген, жаңыча ой жүгүрткөн демилгелүү жаш педагогдордун жаңы муунун калыптандыруу болуп саналат.
https://www.facebook.com/share/v/1CEhk91UxH/

