ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ

Мыйзамсыз курулуштар элге ачыкталышы керек

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин жана аймактык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү.

Күн тартибинде Ош шаарынын аймагындагы өзүм билемдик менен курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу маселеси каралды. Бакытбек Жетигенов курулуш компанияларынын мыйзамсыз аракеттерине жол бербөө чаралары күчөгөнүнө карабастан, тиешелүү уруксат кагаздарын албай туруп, курулуш иштерин баштап жиберген учурлар катталып жатканын белгиледи.

“Тилекке каршы, быйыл да тиешелүү уруксат кагаздары жок имараттарды, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун өз алдынча баштап жиберген учурлар катталууда. Мындай көрүнүштөргө катуу чара көрүп, кимге тийешелүү болбосун баарын токтотуу керек.

Архитектура, мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы, аймактык башкармалыктардын башчылары шаар аймагында кандай гана курулуш иштери болбосун силер биринчи кабардар болуп, мыйзамдуулугун карап чыккыла. Эгер уруксат кагазы жок кайсы жерде мыйзамсыз курулуш жүрүп жатса, кызмат абалына, кимге тийешелүү экендигине карабастан коомчулукка ачык жарыялоо зарыл.

Жарандар турак-жай сатып алууда, курулуштар эрежелерди бузуу менен курулуп жатканын билүүгө тийиш», – деди калаа башчысы.

Жыйындын жүрүшүндө шаардагы инфраструктуралык курулуштардын жумуштарынын жүрүшү жана каржылоо маселелери талкууланып, белгиленген мөөнөттө бүткөрүү талабы коюлду.

Окшош жаңылыктар

854627510_1642211380629576_7443590232074887950_n

Жарандарды кабыл алуу: шаар тургундарынын көйгөйлөрү жана сунуштары каралды

38a02fdf-cb9e-4767-8daa-b5c30bee21b6

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө

maxresdefault

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2026-жылдын 9 айында жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча аткарылган иштер жөнүндө

856091409_1457116006607292_2137756419958946095_n

Эски базардын орду кандай өзгөрөт? Жаңы эс алуу жайдын эскиздик долбоору

09678fe5-15dd-4532-b2ff-2b9c9155773e

Эски базардын ордуна заманбап эс алуу жайы курулат

c230c987-a445-41e6-b7f8-da3a8b4ef204

Узундугу 1,5 чакырым болгон жол оңдолууда

Видео